"Түндүк электр": "Шайлоо тилкелерин электр жарыгы менен камсыздоо иши бүттү"

Шайлоо күнү "Түндүк электр" ишканасы пландалган оӊдоо иштерин жүргүзбөйт. Бул тууралуу 11-октябрда мекеменин маалымат кызматы билдирди. Шайлоо күнү авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөнү, шайлоо тилкелерин электр жарыгы менен камсыздоо иштери бүткөнү айтылат маалыматта.

"Электр жабдуулары жана аба электр чубалгылары боюнча пландаштырылган оӊдоо иштери токтотулду. Зарыл учурларда гана авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Райондук электр тармактарда шайлоо күнүн өткөрүү мезгилдерине материалдардын кошумча запастары түзүлүп, автотехника даярдалды", - деп билдиришти ишканадан.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2017-10-12 12:06:10
Оомин кышында свет очпосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан