Чүйдө катуу ылдамдыкта айдаган 4500 айдоочуга административдик протокол толтурулду

Чүй облусунун Патрулдук милиция башкармалыгы рейд жүргүзүп, катуу ылдамдыкта айдаган 4500 айдоочуга административдик протокол толтурду. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу, болтурбоо, коомдук жайларда жашоочулардын жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейд жүргүзүлгөн. Рейддин алкагында облус аймагында мас абалда автоунаа башкарган 183 айдоочунун автоунаалары атайын айып аянтына токтотулуп, айдоочуларга тийиштүү административдик протоколдор толтурулган.

"Рейддин жүрүшүндө 4500 айдоочуга чектелген ылдамдыктан ашыкча ылдамдыкта айдаганы үчүн 18 айдоочуга унааны мамлекеттик белгиси жок башкаргандыгынан жана 45 айдоочуга унаанын терезелерин караңгылатып башкаргандыгы, 417 айдоочуга тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгынан улам административдик протокол толтурулган. Жалпы 17,148 протокол жазылып, 510 унаа атайын айып аянтчаларга токтотулду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан