Сентябрь айында республикалык бюджетке 12 миллиард сом киреше түштү

2017-жылдын сентябрь айында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 12 миллиард 66 миллион 8 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул атайын каражаттарды жана мамлекеттик инвестициялар боюнча гранттарды кошпогондогу көрсөткүч. “Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндө кирешелердин түшүүсү 153,4 пайызды ээлейт. Салыктык кирешелер 2016-жылдын иш жүзүндө 7 миллиард 254 миллион 4 миң сом кирешеге салыштырмалуу 8 миллиард 192 миллион 8 миң сомду түзөт. Кирешенин өсүү темпи 2016-жылга карата 112,9 пайызды түзөт. Салыктык эмес кирешелер 2 миллиард 798 миллион 1 миң сом же өсүү темпи былтыркы жылга карата 167,6 пайызды түзөт”, - деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
agent0072609
2017-10-12 15:02:41
Эми ушул каражаттан тышкы карызды толоп баштаса жакшы болот эле.
+1
Leilektik
2017-10-12 15:36:01
agent0072609,12миллиард сом долларга 175миллион336мин доллар болот экен2018жылга кыргызстан 300миллион доллар тышкы карызга тогот эсли адашпасам ,175миллионго $дагы 125$миллион кайжактан табышат экен кудайлап туралычы Аллах бир жагыдан береттир!!!
0
Yktyjar
2017-10-12 15:10:26
Каякта киреше шайлоого чачып буткондурсунор сокени президент кылабыз деп
-1
isabek1977
2017-10-12 15:18:23
Бул Сооронбай Жээнбековдун эмгеги.Ал киши президент болуп турганда бардык тармактарда осуш болгон.Президенттикке Жээнбеков гана татыктуу.
-5
Leilektik
2017-10-12 15:45:05
isabek1977,паспортто улуту дегенди жок кылыш керек дегенден кийин Сокеге болгон умут очту,бугунку дебат чечет Сооранбай Жээнбековдун тагдырын Мадумаров эмне деер экен ,пока суйунушуно эрте
-2
aruuzatmeka
2017-10-12 15:58:59
Салыкты кобойтуп элди кыйнап жатышпайбы бирок киреше кобойгону менен
+2
Manas230595
2017-10-12 16:02:07
aruuzatmeka,элибиз кудайга шугур эле орто жашайт чем кошна олколордукуно караганда мамлекетибиз слабый
0
Manas230595
2017-10-12 16:00:43
Карызды толосо болмок секин секин кутулуп алмакпыз чонтоко урушпай
0
meku89
2017-10-12 23:23:26
Ушунча акчаны айтышат. Президенттен карызга 30 мин сом сурасам бир сом акча жок озунор эптеп аракет кылгылачы дейт. Айлам жок жолдошумдун бутун больницага коргозуп жатып акча жетпей бир жылда кайра эле толоп беребиз деп сурагам.
0
mukhan.1992
2017-10-12 23:32:53
Бизге министерстводон буйрук келген айлык акы кыскартылат деп, бюджетде Акча аз экен, эмеле 153 пайызга осту дегени эмнеси маалыматты туура берсенер элди алдабпй
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан