Чүй облустук Патрулдук милиция башкармалыгы 9 ай ичинде унааны мас абалында башкарган 1577 айдоочуну кармап, административдик протокол толтурду. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облустук Патрулдук милиция башкармалыгы 9 ай ичинде бир нече жол эрежелерин бузган фактыларды аныктады. Алардын ичинен 34 миң 183 айдоочу унааны ашыкча ылдамдыкта башкаргандыгы аныкталып, 4512 унаа айып аянтына киргизилген. 3100дөн ашуун айдоочу тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн кармалган. Натыйжада өлкөнүн казынасына 53 937 200 сом айып төлөнгөн.