Алмазбек Атамбаев Ошто жергиликтүү актив менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 12-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун активи менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында мамлекет башчы жарандардын суроолоруна жооп берди. Анда президент жол, мектеп, оорукана куруу маселелери жөнүндө маалымат берди. Атамбаев облустун тургундарын дайыма колдоп, ишенип келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө да сөз кылган. Ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоо таза өтө турганын айтты өлкө жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Yktyjar
2017-10-12 15:18:36
Дагы эмне деп балп этти экен Эми Путиндин ачуусуна тийбесе эле болду.
+13
kyrgyz.kg83
2017-10-12 15:20:27
Емне болду бардык жерге барып калыптыр.же озу агитацияга кириштиби,чекараны ачык айтпайбы бул жакты бердик,бул жерди алдык дегендей,
+19
Jelezo
2017-10-12 16:01:41
Кеткиче башка мамлекеттердин президенттерине асылбай кетсе Кыргыз элине көбүрөөк пайдасы тиймек
+6
Nazar76
2017-10-12 16:04:21
Ачык эле Сдпка жеенбековко үгүтөгөнү барган себеби кече Таласта бүгүн Ошто республиканы турө кыдырат эми ашаны дагы түшүнүш керек бийликти колдон чыгаргысы келбейтат
+11
Jelezo
2017-10-12 16:05:32

Декабрь айын күтбөй жаңы президент шайланары менен эки үч күндөн кийин кетсе элге өтө кызмат кылган болоор эле
+4
admin_superstan
2017-10-12 16:06:25
Ruslan4458, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
-5
Дарыгер
2017-10-12 16:40:43
Пайдан тийбесе мейли. Башкысы зыянын тийбесе болду деген сөз бар го. Мөөнөтү бүткүчө мамлекеттин эсебинен
бир жака эс алганы барып келсе деле ыраазы болмокбуз. Балп эткендин ордуна
+6
kokboru
2017-10-12 16:41:14
Кепкачан агалар,жоолукчан апалар жокго жалаң эле галстук кастюм шымчандарго
+5
Isco23
2017-10-12 19:25:32
kokboru,бут ишкананы айдап келди да кимин шайлабасан кетебер столду бошотуп деп айтса кк
+5
jbolotov
2017-10-12 17:51:38
Балптарды угаберет экенда отургандар.
+1
tilek121277
2017-10-12 21:09:03
Ишканалардын баарын кубалап барышты да
+1
admin_superstan
2017-10-13 11:05:41
netsa, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан