БШКнын мүчөсү кайсы шайлоочулар добуш бере албай турганын айтты

Бүгүн, 12-октябрдан тартып өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларында добуш берүүчүлөрдүн тизмеси жарыяланат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева SUPER.KG`ге кайсы шайлоочулар добуш берүү укугунан ажырай турганын айтып берди.

"Эгер жаран биометрикалык маалыматын тапшырбаган болсо, 18 жашка жеткенде деле паспорт албаса алар дагы тизмеге кире албайт. Башка участкаларга барып добуш берем десе, форма №2 менен арыз жазып катталышы керек. Эгер шайлоочу добуш берүү күнү гана башка шайлоо участогуна келсе ал добуш бере албайт. Анткени ал идентификациядан чыкпай калат. Ал эми тизмеге кирбей калган жарандар, тилекке каршы, добуш берүү укугунан ажырайт. Атуулдар өздөрүн "119" кыска номерине паспортунун жеке номурун жиберип же БШКнын расмий сайтына кирип, тизмеден текшерип алса болот", - деди Журабаева.

"Акыркы тизмени Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо күнүнө 10 күн калганда БШКга өткөрүп берген. Үч күн калганда шайлоо аймактарына шайлоочулардын тизмеси илиниши керек. Мыйзам боюнча, үч тизме бар. Биринчиси шайлоодон 60 күн мурун илинет. Контролдук тизме шайлоого 20 күн калганда, ал эми акыркы тизме үч күн калганда илинет", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан