SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайын журтун сыйлоо - аялынан коркуу болуп эсептелеби?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү:
"Үйлөнө элекмин. Эркек балдар кайын журтун сыйласа аялынан коркот же аялына баш ийет экен деген сөздөрдү көбүнөн угуп келем. Аялымдан коркпойм, баш ийбейм деп кайын журтка суз мамиле кылышыбыз керекпи? Аял биздин бир тууган ата-энебизге ийилип турат го, эмнеге аялыбыздын туугандарына суз мамиледе болушубуз керек?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Сыйлоо керек жана ал коркконго кирбейт. Бирок бара-бара коркутат да, анан коркутса коркуп калбай көкүрөктү көтөрүп, белди бекем байлап жүрүү керек. Колдон келсе алардан эч нерсе сураба, берсе да алба. Жумушка киргизем, бутуңа тургузам десе такыр ынанба эсиң болсо, кийин милдет кылат. Бойдок болсоң жакшы экен, анча-мынча эжелери менен да таанышып кой кийинкиңе жакшы болот. Себеби азыр ушундай кайнежелер бар "кобра" чагып алат. Кыскасы, чечкиндүү эркек бол. Азыр анча-мынча бош эркектер бар, колунан эч нерсе келбейт. Ошондой болбой чече турган маселени "тарс-турс" чечип кой. Кийин бир нерсе болсо "ии, күйөө бала ушундай болуш керек" дегендей кылып".
"Кайын журтун сыйласа эле баш ийип калыптыр деген сөз туура эмес. Күйөөм менин ата-энемди өз ата-энесиндей көрөт. Керек болсо "ал менин ата-энем, сени тааныбайбыз" деп күлдүрөт. Үйгө барып калганда да сыйлап турат, үй-бүлөм дагы күйөөмдү аябай сыйлайт. Бул "мага баш ийет" дегени эмес да".
"Кошунам айткан эле, күйөөсү аялын төркүнүнө жеткирип кайната, кайненесинин үйүнө кирбей кайтат экен. Баласы 6-класста окуйт, кайнатасынын үйүн аттай элек экен. Күйөө бала кайын журтка барбайт деген түшүнүктө чоңоюптур. Бул эми сыйлабастыкпы же караңгылыкпы түшүнбөйсүң".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.