Президенттик шайлоону канча мамлекеттин журналисттери чагылдыра турганы белгилүү болду

Президенттик шайлоону дүйнөдөгү 11 мамлекеттен 65 маалымат каражаты чагылдырат. БШК бүгүн, 12-октябрда аларды каттады.

14-июндан тартып, 11-октябрга чейин шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга кызыкдар болгон маалымат каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.

Добуш берүү күнүн чагылдыруу үчүн Япония, Катар, Орусия, Франция, Англия, Швеция, АКШ, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн маалымат каражаттары кайрылган. Алардын ичинде 7 телеканал, 7 радио, 15 интернет булак, 5 басылма бар.

Учурда шайлоону чагылдыруу үчүн 65 чет элдик журналист катталды. Алар Тышкы иштер министрлигинин жана БШКнын атайын күбөлүктөрү менен жүрүшү шарт. БШКнын төрайымы шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга кызыкдар болгон 140тан ашык чет элдик маалымат каражаттары бар экенин айтты.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2017-10-12 18:27:46
Чагылдырганы кандай болуп калат ошондо? Добуш санагандарды видео го тартышабы?
+4
abdrakhmanovich
2017-10-12 19:00:57
Өздөрүнүн өлкөлөрүнө маалыматтарды жеткирип турат.
0
Zarlyk.322
2017-10-12 20:43:44
уят эле болобузда.окмот административдик ресурс мн дагы озунун кучугун шайлап алат окшойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан