Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди

Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө көпүрө курулуп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн суусунун үстүнө көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Жаңы көпүрөнүн узундугу 54,2 метр, ал эми туурасы 14,9 метрди түзөт.

Көпүрөнүн ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана шаар башкармалыгынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты. Аземдин жүрүшүндө шаар аймагында 12 көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
abdrakhmanovich
2017-10-12 18:55:29
Шаарыбыз ушундай темпте өнүгө берсин! Мамлекетке жана жумушчуларга рахмат!
+6
Isco23
2017-10-12 19:54:08
Полоскасы канча 2.5 эки жарымбы
0
bokonbaev
2017-10-12 21:30:14
Кайсы жеринде именно? Бул көпүрө кайсы жак менен бириктирет? Толугураак маалымат бергилечи же сүрөттү чоңураак кылып тарткыла да үстүнөн.
+1
almanbetperm
2017-10-13 06:12:46
bokonbaev,кичине копуро болсо кайдан чонойтуп тартмак эле,
+2
bokonbaev
2017-10-16 11:09:06
almanbetperm,үстүнөн дрон менен тартса көрүнмөк да кайсы жер экенин.ошол мааниде жаздым. Көпүрөнүн кичинеси болобу чоңу болобу айырмасы жок. Кичине түшүнүп анан жазсаң болмок
0
Anikin83
2017-10-13 08:48:45
Бул копуро туштук магистрал менен Алматы кочосу кошулган жерде
+2
bokonbaev
2017-10-16 11:10:33
Anikin83,ал жерде и так эле көпүрө бар эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан