Бишкекте окуган мектеп окуучуларынын ата-энелеринин айтымында, 13-16-октябрь күндөрү шаардагы мектептерде окуу процесси токтотулган. Бирок алар эмнеге жума жана дүйшөмбү күнү окуу процесси токтотулганын айта алышкан жок. Ал эми интернеттеги социалдык тармактардын айрым колдонуучулары буга 15-октябрдагы президенттик шайлоо себеп болуп жатканын жазышты.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, шайлоого карата мектептерде окуу процесси үзгүлтүккө учурабай, кадимки эле режимде иштей турганын билдиришти.