Ат-Башыда асынып алган кыздын өлүмүнө байланыштуу окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Ат-Башыда асынып алган окуучу кыздын өлүмүнөн улам суициддин алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунун үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жайлообек Асаналиев билдирди.

"Биз негизи жылда 2-3 жолу райондун жетекчилиги, прокуратура жана билим тармагынын өкүлдөрү менен чогуу жер-жерлерге барып ата-энелерге чогулуш өткөрүп, балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Бирок 8-октябрдагы окуучу кыздын өлүмүнө байланыштуу пландан тышкары түшүндүрүү ишин жүргүзөлү деп жатабыз. Учурда райондун жетекчилиги менен биргеликте атайын график түзүлдү, 17-октябрдан баштап жер-жерлерди кыдырып, зордук-зомбулуктун, суициддин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштайбыз", - дейт Асаналиев.

Жайлообек Асаналиев кызы каза болгон үй-бүлөнүн жашоо шарты жакшы экендигин, социалдык колдоолорго муктаж эмес болгондугун жана асынып алган кыз мектепте активдүү, жакшы окуган окуучулардан болгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIZAD
2017-10-13 14:03:39
Социалдык ишкерлер менен мугалимдер бири биринен коз карансыз болуш керек! Мугалимдерди соц.ишкер кылып койгону туура эмес. Былыктарын жашыра беришет. Иши жок отурган айымдар коп айылдарда ошолорду иштетсин да. Анан мугалимдин да айлыгын алып анан...акылдуулар коп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан