БШК: “Президенттик шайлоого карата 771 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү”

Президенттик шайлоого карата жалпы 771 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык байкоочулар дүйнөнүн 58 мамлекетинен болот. 12-октябрда БШК эл аралык 8 байкоочуну аккредитациядан өткөргөн. Алар Кыргыз өлкөсүндөгү Иран элчилигинин, JICA жана KOICA эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү.

Эл аралык байкоочу мыйзамда белгиленген тартипке ылайык, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Ал чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ularik_kg
2017-10-13 13:10:30
Биз аларды да алдап койобуз, ошондой акылдуу калкпызда ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан