Экс-президент Роза Отунбаева Кыргыз мамлекети 26 жылдан бери президенттик жана парламенттик 12-шайлоону өткөргөнү жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ар бир шайлоодон тажрыйба топтолуп, өсүш болууда. "Учурда шайлоого даярдык жакшы деңгээлде болуп жатат. Биометрикалык шайлоо киригизилгени бул чоң жетишкендик. Биометрикалык шайлоо өнүккөн өлкөлөрдүн баарында жок. Мындан улам шайлоодогу мыйзам бузуулардан арылып жатабыз. Ар бир шайлоодон сабак алышыбыз керек", - деди Отунбаева.
Экс-президент телетаймаштарда талапкерлерге татаал суроолор берилип, жоопко 1 мүнөт убакыт берилгени аз экенин айтты.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.