Нарында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өткөрүлдү

Нарында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 100 күндүк акциянын алкагында Нарын шаарындагы кыздар жатаканасында ала качуу жана анын кыздарга болгон таасири тууралуу жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мажбурлап никеге тургузуу, эрте турмуш курган аялдар жана зордук-зомбулукка туш болгон окуялары тууралуу документалдык фильмдер көрсөтүлдү.

Жыйын адамдарды мыйзамсыз алып кетүү, сатуу жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө багытында калктын маалыматка ээ болуусун жогорулатуу максатында уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан