Бүгүн, 13-октябрда депутат Канат Исаевди коргоо комитети маалымат жыйын уюштуруп, анын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин тегерегиндеги окуялар тууралуу маалымат берди. Коргоо комитетинин мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бул кылмыш иши "өтө жашыруун" деп айтылганы менен анын сырдуулугун укук коргоо органдары сактабай жатканын айтат.
"Бул чагымчылдык жол менен токулган кылмыш иши. Бул ишти "жашыруун" дегени чоң күмөн жаратып жаткан маселе. Тиешелүү кызматкерлер өтө жашыруун деп туруп, каралоо материалдары, жашыруун үн жазылууларды, коомдук ишмерлердин аброюна шек келтире турган материалдарды чыгарып жатышат. Убагы келгенде бул сырларды ачыкка чыгарып жиберген кызматкерлердин жоопкерчилиги караларынан күмөнүм жок", - деди Дүйшөбаев.
Исаевди коргоо комитетинин дагы бир мүчөсү Мамбетжунус Абылов соңку кезде бир жактуу маалыматтар чыгып жатканына токтолуп, тергөө иштери аягына чыкканча маалымат каражаттарынан жардам сурады.
"Урматтуу журналисттер, бизди ушул ишти аягына чыгарууга жардам бериңиздер. Биз акыйкаттык үчүн гана иш алып барабыз. Биз үчүн сиздердин колдооңуздар маанилүү", - деди Абылов.