СУПЕРСТАН: "Түрк фирмаларында иштесе эле балээби? Кандай кылган күндө жигитим мага ишенет?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Түрк фирмаларында иштесе эле балээби? Кандай кылган күндө жигитим мага ишенет?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Менин атым Назик. Азыр мен түрк курулуш фирмасында иштейм. Бул жерде иштегениме бир жарым жылдын жүзү болду. Буга чейин да башка жерлерде иштеп келгем. Мурдагы иштеген жерлерден айырмасы деле жок. Мурдагы чогуу иштегендер менен кандай болсом (анда кыргыздар, орустар болчу), азыркы жердеги түрктөр менен деле сый-урмат мамиледебиз. Бирок азыр түрк фирмасында иштейт десе эле адамдардын ою тетири жакка кетет экен. Бирөө-жарым менен сөзсүз жүрөт деген ойлорго келишет экен. Менде андай деле ой жок, бир жарым жыл иштесем деле кесиптеш эле болуп жүрөбүз. Эртең менен келем, кечинде иш бүткөндө үйгө кетем. Алар өздөрү да "биз сени сыйлайбыз" деп айтышат. Ата-энем да кичинемден катуу тарбиялап чоңойткон, үйдөн башка жакка түнөгөнгө жөнөтчү эмес. А мен бул нерсени жигитиме айтып ишендире алган жокмун, ал башка жакта иштейт. Телефонум өчүк болуп калса эле "ким менен жүрөсүң?" деп ою жаман жакка кетет. "Сүйгөн адам дегеле эркектердин баары кызганат, сүйгөн кызын ким эле бирөөгө бергиси келсин" деп сооротуп коёт. Аныкы да туура, бирок сүйгөн адамга ишениш керек да, туурабы?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жумушуңдан бошосоң ошондо ишенсе керек. Бирок антип айтканы менен ишенбеген киши колуңа Күндү да, Айды да алып берсең ишенбейт. Мен ишенбеген адам менен мамиле курмак эмесмин. Кызганыч - бул бирөөнү сүйүү эмес, ал адамдын өзүн сүйгөндүгү".

"Мисалы, менин кызым түрктөрдүн фирмасында иштесе кызганмакмын. Көчөдөн көрүп эле атпайбызбы башка улуттун адамдары менен ээрчишип жүргөндөрдү. Жигиттер аларды жаман көрүшөт, анын себеби кыздар менен жүрүп, аягында кыздарыбыз кала беришет".

"Ишенген адам бардык учурда ишенет. Ишеним болгондо сүйлөшкөн кызым же аялым эмне кылып жүрдү болду экен деп ойлонбойт. Ишенген адамына жеке жашооңдо эмне болуп жатса, ошонун баарын жаап-жашырбай айтып турасың. Эгер туура эмес иш кылып жаткан болсоң сени тескеп турат. Такыр эле түшүнбөсөң ошондо гана сенден айрылууга мажбур болот. Азыркы учурда көзү менен көрбөй, мээсиндеги жаман ойлор менен ойлоп отурганы мага бүдөмүк боюнча калууда. Андай адамдардан алыс болуу керек деп ойлойм. Чогуу иштегендериңиз түрктөр болсо аябай жакшы экен. Түрктөрдү сыйлайм, алар кыргыздарга тууган эл. Алар менен иштешип көргөм. Ыйман жагынан биздин көптөгөн сандырак сөздөрдү таратып жүргөндөрүбүзгө караганда жогору турат. Муну ишенимдүү түрдө айта алам. Арасынан өзүн түрк деп туруп, өзүнүн ким экенин билбеген, улуттун эмне экенин билбей жүргөн айрымдары эле болбосо, алардан бир да туура эмес иш-аракетти же жагдайды көрө алган жокмун. Ошондуктан жумушуңузду таштабай эле уланта бериңиз. Жигитиңиз сизди түшүнсө өзү келет. Сизди түшүнбөсө, өзү менен өзү жоголот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан