"Маша жана аюу" мультфильмин кыргызча которуп, тасмаларга үн коштогон Жыргалбек Ажыматов 38 жашында көз жумду
Бөбөктөр сүйүп көргөн "Маша жана аюу" мультфильмин, бир нече көркөм тасмаларды кыргыз тилине которуп, кыргызча-англисче сөздүгүн түзгөн Жыргалбек Ажыматов кечээ, 12-октябрда жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу Ажыматовдун жакындары билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Жыргалбек Ажыматовдун өлүмүнө боор оорусу себеп болгон.
Ажыматов 2004-жылдан бери тасмаларды которуу жана үн коштоо менен алектенип келген. Анын аракеттерин колдогондор көп болгон. Жыргалбек Ажыматов тасмаларды которуп, сыртына электрондук дарек жана телефон номур жазылган дисктерди досторуна тараткан. Анын котормолору ушундай жол менен элге жайылган. Ал тасмаларды которууда жөнөкөй компьютерди, кулакчын жана микрофонду колдонгон. Ошондой эле ага жубайы жана кызы да жардам берчү. "Маша жана аюу" мультфильминде жана башка тасмаларда анын улуу кызы үн коштогон.
Жыргалбек Ажыматов которгон белгилүү тасмалар - "Сүйүү мерез", "Час пик-2", "Ажыдаарды кантип үйрөтүү керек" жана башкалар.
Жыргалбек Ажыматов 1979-жылы 30-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ал Кыргыз эл аралык университетин аяктаган. Маркумдун артында 5 баласы калды.