Бүгүн, 13-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык камсыздоо боюнча жумушчу тобу аткарган иштери тууралуу отчёт берди.
БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, аталган жумушчу топ эки тилде шайлоо боюнча 11 видео тасма ММКлар аркылуу коомчулукка жеткирди. "Шайлоо процесси, добуш берүүнүн жол жоболору боюнча жаштар аркылуу роликтер жарыяланды. "Өзүңдү текшер" деген чоң акция өткөрүлдү. ММКлар социалдык түйүндөр аркылуу шайлоочулардын укугу боюнча маалымат берилди. Чет өлкөдөгү мигранттарга Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте кошумча участкалар жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле маалыматтык баракчалар таратылды. Мындан тышкары жалпы 258 жалпыга маалымдоо каражаты атайын аккредитациядан өткөрүлдү", - деди ал.