Бишкек шаарына спортчулар аллеясы салынат

Бишкекке спортчулар аллеясы салынат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндө бүгүн көчөттөр отургузулуп, аллеяга даярдалды. Иш-чарага шаар мэри Албек Ибраимов жана тургундар катышты. Мында 400 көчөт отургузулду. Көчөт отургузууда айыл чарба адистери катышып, туура отургузуу жолдорун көрсөттү.

"Аллеядагы көчөттөрдү суугаруу системи орнотулган. Келечекте бул жайда велосипед тебүүчүлөр үчүн жол салынмакчы. Аллеянын аянты 9240 чарчы метр аянтты түзөт. Анда 146 ийне жалбырактуу, 256 жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Бишкек шаары боюнча жалпы 3 миң 855 даана көчөт отургузуу пландалууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
medya123
2017-10-14 16:07:08
Аябай жакшы болду, чоон рахмат кимдер аракет кылсада. Оз алдынча чуркаганга жол жок эле
+3
Azatbek83
2017-10-14 16:26:15
Ошентип акырында бийликтин талапкерине добуш берип койунуздар дейби?!.
+1
kalpak.kg92
2017-10-14 17:12:17
Сокени шайла дешет азыркы бийликтен баарын кутсо болот
+2
asankulov12
2017-10-14 18:44:46
Шайла десе эле шайлай бересинерби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан