Президенттик шайлоого карата саат 08:00дө добуш берүү тилкелери ачылды. Республикада жалпы 2375 шайлоо тилкеси ишин баштады. Ал эми өлкө сыртында бүгүн 37 шайлоо тилкеси иштейт. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы добуш берүү аяктаган соӊ 2,5 сааттын ичинде белгилүү болуп калат. Бул бюллетендерди электрондук эсептөө боюнча борбордук серверге түшкөн маалыматтын негизинде жарыяланат. Демек, саат 22:30 чамасында кайсы талапкер канчанчы орунда баратканы расмий жарыяланары күтүлөт.