Шайлоо күнү 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыз кылат

Бүгүн, 15-октябрь - Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү өлкө боюнча 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыз кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери 12-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Алар тарабынан өзгөчө маанидеги объекттер, добуш берүүчү тилкелер көзөмөлгө алынат. Ошондой эле ар кандай мыйзам, тартип бузуулардын алдын алмакчы.

"2017-жылдын июль айында ички иштер министринин атайын буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү маалында шайлоо комиссиясына жардам көрсөтүү максатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринен турган ыкчам штаб түзүлгөн. Жогорудагы буйрукка ылайык шайлоо учурунда коомдук көзөмөл кылып, андан сырткары шайлоо тилкелеринин, шайлоо комиссияларынын жана анда сакталган документтердин коопсуздугу өзгөчө коргоого алынып, укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулду. Экстремизм көрүнүштөрүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга карата ыкчам алдын алуу чаралары көрүлүп, укукка каршы келген ишмердүүлүктөрдү аныктоого багытталган иштер жүзөгө ашырылып жатат. Коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого 10 миңге жакын милиция кызматкерлери менен 12 миңден ашык элдик кошуундар тартылды. Шайлоо учурунда өзгөчө мааниге ээ болгон объекттер, шайлоо тилкелери коргоого алынды. Шайлоо учурунда ар кандай тартип бузууларга мыйзамдын негизинде чаралар көрүлөт", - деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
friendwipkg
2017-10-15 08:52:25
Дагы көбөйткүлө!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан