Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо башталды. Шайлоо тилкелеринин иштеп баштаганын белгилеген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык маселелер толук чечилип, учурда 2 миң 375 шайлоо тилке иштеп жатканын билдирди.
“Учурда 2 миң 375 шайлоо тилкеси ачылды, анын 35и чет өлкөлөрдө. Андан сырткары шайлоочулар үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзүү үчүн кошумча 33 шайлоо тилкеси ачылды. Учурда бардык техникалык жактан маселелер чечилди. Бул шайлоодо жарандарды активдүү добуш берүүгө чакырабыз. Бул шайлоону тынч, коомдук тартип менен өткөрүү биздин негизги максатыбыз. Шайлоо таза, жакшы деңгээлде өтүүсү үчүн 775 эл аралык байкоочу 58 өлкөдөн келди. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн коомдук байкоочулары жана талапкерлердин байкоочулары болот”, - деди Шайлдабекова.