Добуш берүүнүн жашырындуулугун эч ким ачыктай албайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
“Жарандын кимге добуш бергенин ачыктаган адам ал ким болбосун, жадакалса БШКнын мүчөсү болсо да жоопко тартылат. Бул шайлоонун уюштуруучусу катары айтайын шайлоону бурмалоого эч кандай мүмкүнчүлүк жок, эч кандай каражат жок. Ошондой эле эч ким шайлоочунун кимге добуш бергенин билбейт. Андан сырткары эгер кимдир бирөө шайлоочунун кимге добуш бергенин ачыктаса, ал мыйзам чегинде кылмыш жазасына тартылат. Эгер кайсы бир БШКнын мүчөсү кандайдыр бир мыйзам бузууга барса, катуу жоопкерчиликке тартылат”, - деп эскертти Шайлдабекова.