Өзбек президенти олигарх Алишер Усмановдун учагын ижарага алып колдонуп жүргөнү белгилүү болду

Өзбекстандык жана чет элдик ММКлар буга чейин президент Шавкат Мирзийоевдин тышкы сапарларга белгилүү олигарх Алишер Усмановдун учагында учуп жатканын жазып чыгышкан эле. Маалымат чын экенин 14-октябрда Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы ырастады.

Аталган учакты Өзбекстан өкмөтү ижарага алып пайдаланып жүргөнү белгилүү болду.

"Комфорт, коопсуздук жана техникалык жактан карап көрүп Airbus 340 M-IABU учагы тандалып алды. Улуттук авиакомпания учактын ээси - Klaret Aviation Limited компаниясы менен азыркы базар баасынын шартында ижаралык негизде келишим түзгөн. Улуттук авиакомпания Өзбекстандын президентинин колдонушу үчүн Airbus 340 M-IABU учагын ижарага берүүгө макулдук бергени үчүн Өзбек өкмөтүнүн атынан Алишер Бурханович Усмановго ыраазычылык билдирет", - деп айтылат Uzbekistan Airways компаниясы тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, Airbus A340-313 учагынын (сүрөттө) каттоо номери M-IABU. Акыркы 4 тамгасы "M-IABU" - "I am Алишер Бурханович Усманов" дегенди билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Isco23
2017-10-15 10:17:31
Бизге барыбир эмеспи
+4
kg_emilbekov
2017-10-15 12:02:26
Isco23,кандайча бул жанылык жон еле окууп койо берда ХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан