Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен келип добуш берди (фото)

Бүгүн, 15-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы №1216-шайлоо тилкесинде добуш берди.

Аталган тилкеде жалпы 1570 шайлоочу бар. Учурда шайлоонун жүрүшүнө 66 байкоочу көз салууда.

"Азыркы сааттарга 32 бюллетень урнага ташталды. Шайлоонун жүрүшү өз тартиби менен өтүп жатат. Азырынча шайлоочулардын массалык түрдө катышуусу боло элек. Электрондук урна тоскоолдуксуз иштеп жатат. Шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай калган учурлар каттала элек", - деп билдирди шайлоо тилкесинин төрайымы Наталья Беловолова.

"Дайым ушул элимдин жашоосун өзгөртөйүн, элимдин жашоосуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келсек мамлекетибиз өнүгүп өсөт деген кадам жасап келем. Бүгүнкү күндө реалдуу түрдө элибиз чечет. Чыныгы эгемендүү мамлекетте жашап жатканыбыз үчүн мен өтө бактылуу адаммын. 15-октябрь кыргыз элибиздин, мамлекетибиздин тарыхында сөзсүз түрдө алтын тамгалар менен жазылып калат.

Бүгүн жалаң гана жакшы нерселер жөнүндө сүйлөгүм келип жатат. Мен шайлоо алдындагы кара пиарларга ишенбей, колдоосун уланткан жана колдоп келген жалпы элге ыраазымын. Мен мамлекеттик кызмат кандай экенин билем. Кара пиарга иштегендерге да рахмат, мен билем жан дүйнөсүндө алар мени менен болушту. Айрым учурларда эркиңе каршы турууга туура келет. Бирок ар кимдин ички жан дүйнөсү бар. Ошондуктан бардык колдогон адамдарга ыраазымын", - деди үй-бүлөсү менен шайлоо тилкесине келген Өмүрбек Бабанов.

Ө.Бабанов "Ишен, бирок текшер" БШКдан сырткары биз бюллетендерди өзүнчө эсептейбиз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2017-10-15 09:41:37
Калган талапкерлерда бериштиби бысмылда деп? же шашпаай уктап алып келишеби дем алыш куну
0
Valley.of.the.Wolves
2017-10-15 09:52:50
Буйруса Бабанов башчы болот..,
+4
Uzakova.Z.A
2017-10-15 15:19:04
Баласы да озуно окшош красавчик экен. Бабанов алга !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан