Бүгүн, 15-октябрда маалымат жыйынында шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов маалымат берди.
“Бүгүн саат 8:00дө штаттык режимде бардык шайлоо участкалары ачылды. Азыркы маалда шайлоо участкалары боюнча маселе жок. Саат 7:00дө штабда биринчи отурум болуп, шайлоого барууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн жүргүзүлгөн көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын карадык. Техникалык маселелер 100 пайыз чечилген деп айта алабыз. БШК менен онлайн режим толук камтылган”, - деди Абдыгулов.