Президентикке талапкер Темир Сариев добуш берүүгө катышып, атаандаштарын кечиримдүү болууга чакырды

Бүгүн, 15-октрябрда президенттике талапкерлердин бири Темир Сариев Бишкек шаарындагы №1046-шайлоо тилкесинде добуш берди.

Темир Сариев бардык жарандарды атуулдук милдетин аткарып, өздөрү татыктуу деп эсептеген талапкерге добуш берүүгө чакырды.

"Үгүт иштери жүрдү, абдан чоң талаш-тартыш, карама-каршылык болду, кара пиарлар суудай куюлду. Мен атаандаштарымды кечиримдүү болууга чакырам, шайлоонун жүрүшүндө андан кийин чыңалуулар болбошу керек, бүгүн саат 20:00дө добуш берүү бүтүш керек", - деди Сариев.

Ошондой эле ал саат 20:30дан кийин шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыгышы керек экендигин кошумчалады.

Шайлоо канчалык деңгээлде таза өтүп жатат деп ойлойсуз деген суроого Сариев: "Эми бурмалоолор болуп жатат, мажбурлоолор, добушту сатып алуулар болду. Ал эми протоколдорду мурдагыдай бурмалоо бул жолу болбойт деп ойлойм", - деп жооп берди ал.

Темир Сариев добуш берүүгө катышкан №1046-шайлоо тилкесинде 1400 шайлоочу катталган жана 35 байкоочу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isco23
2017-10-15 10:18:58
Ото жакшы адам экен жылмайып.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан