Бабанов добуш берүү учурунда 2 тилдеги бюллетенге "таӊ калды"

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов №1216-шайлоо тилкесинде добуш берди. Бабанов бюллетень алуу процессинде тандоого 2 тилдеги (кыргыз жана орус тилиндеги) бюллетень коюлганын кайра-кайра сурап жатты. "Эки бюллетень болдубу ээ? Мурдагы парламенттик шайлоодо мындай болгон эмес да ээ?" деп суроо узаткан талапкер эки тилдеги бюллетендин колдонулушун тактоого бир топ убакыт бөлдү.

Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү ага шайлоочулар 2 тилдеги бюллетендин бирин тандап аларын, бирок бир шайлоочуга 2 бюллетень болбой турганын айтып беришти. Таӊ калган түр менен Бабанов шайлоо кабинасына бет алды.

БШКдан SUPER.KG порталына бул маселе боюнча комментарий беришти. "Даярдалган бюллетендердин көбү кыргыз тилинде, азыраагы орус тилинде. Орус тилдүү аймактарга көбүнчө орус тилиндеги бюллетень жиберилген. Айылдарга кыргыз тилиндегиси көбүрөөк жөнөтүлдү. Бул жерде эч кандай жат көрүнүш жок", - деп билдиришти мекемеден.

Өлкөдө бүгүн президенттик шайлоо өтүүдө.

Ө.Бабанов "Ишен, бирок текшер" БШКдан сырткары биз бюллетендерди өзүнчө эсептейбиз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Nurkyz1977
2017-10-15 09:46:37
Элдин баары Бабанов деп жатышат,ак таза шайлоо отсо анда албетте президент Бабанов болору анык жана шексиз.
+7
JaneEr
2017-10-15 12:31:32
Nurkyz1977,Эн туура!!!
-2
Brilant-zhylan
2017-10-15 09:46:50
Кыскасы Сокени шайлоодо женип чыгуунун башкача бир жолун ойлоп табышыптырда 2 блютень кылып Сокеге 1 блютень ташталса ал 2 добушка журуп калат экенда
+4
Valley.of.the.Wolves
2017-10-15 09:49:21
2 тилде блютенде шегим барда. 1 тилде болсо деле ошол кандидаттарго...
+4
Dalil
2017-10-15 09:51:56
Фамилиянын орусча кыргызчасы жок. Бул дагы бир оюн болуш керек. Бийлике ишенбеймин шайлоону таза өткөрөөрүнө
+11
Kumarchik
2017-10-15 09:55:39
Мындай болгон эмес таарыхта
+3
jengoo
2017-10-15 09:57:22
Сюрприз кылбай мурун эле айтпайбы эки тилде болот деп, жаны оюнго..
+5
enka
2017-10-15 10:10:31
Таза шайлоо кайда?
+3
BekAmir
2017-10-15 10:18:29
Таза шайлоого ишенбейм...
+1
UEFA-FIFA
2017-10-15 10:23:43
Кыргыз тилин өнүктүрөбүз, өнүгүүгө мынча миллион сом бөлүндү, деп көкүрөк каккан ыплас бийлик кетиш керек саткындар.
+4
Anichka12
2017-10-15 10:25:56
100% таза шайлоо болбойт кыргызда качан таза шайлоо болгон
+1
PROS
2017-10-15 11:11:11
Кайсы тил болсо да бир гана бюллетен болушу керек! Таза шайлоо болгону ушулбу??? Наалат силерге бийликтегилер!!!
+2
kgz.Begish
2017-10-15 11:28:35
Ушул убакытка чейин ,кыргызча-орусчаны бир барака эле жазып келип ,шайлоого келгенде 2 барак кылып салгандарын көр!паспортто дагы эки тил бар ,эми аны дагы 2 паспорт кылып коюшсун ,1-кыргызча 2-орусча кылып
+3
juma11anara
2017-10-15 11:29:04
Деги биз Кыргызстанда жашап жатканыма шекшип кетем. Көчөдө көрнөк-жарнактын баары башка тилде.
+3
Samagan111
2017-10-15 13:16:55
Адамдар өзүбүз күнөлүүбүз, орусча билген адам болуп көп жерлерде орусча сүйлөйбүз анан баарысы орусча деп наалыйсынар. А шайлоо боюнча Аллахтын буйругу
0
nazgul1905
2017-10-15 14:37:49
Бийлик болбой куруп кал!!! Озун озу билип, отугун торго илген мезгил келди го!!! Кайран элим кор болду!!! Эмне кыргыз элине маалымат берилген эмес бюллетень эки тилде жазылышы?! Андай бюллеттендин дагы канча экземпляры бар ким билет? Шордуу кыргыз элим!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан