Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков добуш берди (фото)

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги №1209-шайлоо тилкесинде добуш берди. Шайлоо тилкесине ал саат 9:10до келип, техникалык мүчүлүштүктөргө туш болбостон добушун берди.

"Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн тарыхы үчүн маанилүү күн. Себеби Конституциялык жол менен бийлик бир колдон экинчисине өтүп жатат. Биз муну менен башкаларга үлгү болуп жатабыз. Бүгүн ким президент болуп шайланса, өлкөнүн кийинки 6 жылдагы тагдыры дагы ага байланыштуу болот", - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынан аталган шайлоо тилкесине 35 байкоочу келе турганын, азырынча 16сы келип добушун бергенин билдиришти. Ошондой эле шаар тургундары саат 7:50 болгондо эле добуш берүү үчүн шайлоо тилкесине келе баштаганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан