Бүгүн, 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого болгон даярдыктар боюнча биринчи вице-премьер-министр шайлоо боюнча башкы штабдын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат берди.
“Буга чейин добуш сатып алууларга карата даярдалган социалдык роликтер, атайын баракчалар таратылган. Эгерде мындай аракеттерге жол берилсе, териштирүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчилик каралат”, - деди Абдыгулов.
Вице-премьер-министр электр энергиясындагы авариялык жана башка электр энергиясынын өчүп калышына себеп болгон бардык жагдайлардын алдын алынганын айтып, тоскоолдуктарды жоюу үчүн ыкчам оперативдүү топтор күн бою иштей турганын билдирди.