Бүгүн, 15-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы 5-лицейде президенттик шайлоодо добуш берүүгө кирип кетти. Ал жубайы Раиса Атамбаева менен келген.
Айта кетсек, бүгүн өлкөдө президенттик шайлоо старт алды. Шайлоого 13 талапкер аттана турганы мурда белгилүү болгон. Эки талапкер Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев талапкерлигин алып салган. Кийинчерээк Азимбек Бекназаров талапкерлигин ала турганын айткан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Бекназаровдун баш тартканын кеч жарыялаганы үчүн анын талапкерлигин алып салган эмес.