Алмазбек Атамбаев: "Шайлоодо баш аламандык кылабыз дегендерге түрмөдө орун жетет"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү шайлоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Анда өлкө жетекчиси: "Өлкөдө баш аламандык уюштурабыз дегендерди отургузганбыз, отургузабыз. Ар кандай нерселер болушу мүмкүн. Кечээ экс-депутат кармалды. 1-декабрга чейин баш аламандык уюштурам дегендерди отургузганга убактым жетет. Куловго, Курмановго ким акча төлөп берип жатканын билебиз. Баш аламандык уюштургандарга түрмөдө орун жетет", - деп билдирди.

Өлкөдө бүгүн президенттик шайлоо өтүүдө.

Алмазбек Атамбаев: "Эл президенттикке кимди шайлай турганын өзү чечсин"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Isco23
2017-10-15 10:24:49
Антип айтпан,бабанов президент болсо кантесиз же окул баланыз болсо тийишпейби
+8
nurbekasr
2017-10-15 10:33:18
Жөн шайлап коюп кете бербейби таң атбай түрмөнү оозанбай.Ушу суйлөсө коркчу болдум дагы эмнени айтат деп.
+4
Isco23
2017-10-15 10:34:52
Тан ата электе эскертуу берип коейун деп атса кк да коркуп калышсын деп камап коет экен деп
+4
mir777
2017-10-15 10:44:09
Кечке ошол турмого башкалар кирип кетпесин. Бугун элдин акылы менен иш болот
+2
PROS
2017-10-15 10:55:50
Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло дейт. Ошол түрмөдөн өзүңүзгө да бош орун табылып жүрбөсүн урматтуу ажо!
+5
Azat.97
2017-10-15 11:30:47
Айтса да жаман.
0
Rasul94
2017-10-15 11:46:12
эхх Аташ турмону айтпачы
+2
Snejana
2017-10-15 12:09:45
Кыргызым башынарды бийик которгуло! Путинден уйронгон тактикасы бугун отпойт. Элди коркутуп алды. Кетээринде тынчыраак кетсин деген сайын башка чыкты сырактап.
+1
JaneEr
2017-10-15 12:26:19
Сага да жетет буйруса.
0
Leilektik
2017-10-15 12:54:27
1декабрга чейин иштейт президентибиз!Эркекче суйлойт майдалабайт,дан дан бар созду суйлойт,дух десе дух ,тил десе тил бар ,жаман кучтор ото коп кыргызстанда ошолго бекем турган президент молодец!иштеген ишине тарых баа берет азыр элдер арнерсени суйлой берет!
+2
Ibanurkb
2017-10-15 14:26:17
Мадумаров к#### эле ызылдап чыгат ошону биринчи очередь!!!)
0
admin_superstan
2017-10-15 16:05:49
Nazar76, tatynam_88, Arlen92, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыздар! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан