Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиялары тууралуу төмөндөгүдөй билдирүү таратты.
"Казакстандагы Кыргыз жарандары Алматы шаарындагы башкы консулдуктан жана Астанадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөн добуш берсе болот. Бүгүн саат 10:00гө чейин Орусия Федерациясы (Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург), Япония, Корея, Кытай (Пекин, Гуанчжоу), Малайзия, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги шайлоо комиссиялары ачылды. Чет өлкөлөрдөгү консулдук учётко турган, биометрикалык каттоодон өткөн гана Кыргыз жарандары шайлоого катыша алышат", - дешти алар.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө "Казакстандагы Чымкент шаарында канча базар болсо, ал жерде иштегендердин 50 пайызы кыргыздар. Казакстандын ар бир облусунда мигранттар бар. Көбү бүгүн добуш бере алышкан жок. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө иштеген мигранттарга, шайлоого добуш берүүгө шарт түзүп беришкен жок. Миллиондогон Кыргыз Республикасынын жарандары добуш бере албай калабы?" - деген билдирүүсүн жөнөткөн.