Өлкөдө бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо өтүүдө.
Бишкекте добуш берүү тилкесине келген президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Өлкө жетекчисине "бул жолку шайлоонун мурдагы шайлоолордон негизги айырмасы кайсы?" деген суроо берилди. Атамбаев бул жолку шайлоо мурдагылардан таза өтөрү менен айырмаланарын айтып, азыркы тапта бир дагы эксперт ким жеӊерин айта албай турганын баса белгиледи.
Президент шайлоонун 2-туру да болушу мүмкүн экенин айтып: "Экинчи тур болсо, аны да көрөбүз. Чыдашыбыз керек, анткени шайлоонун таза өткөнү маанилүү", - деген жооп узатты.
Добуш берүү процесси саат 20:00дө токтотулат.