Бүгүн, 15-октябрда Орусиянын Екатеринбург шаарында президенттик шайлоо активдүү өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекендешибиз Калыйнур Калмырза уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, Екатеринбург шаарындагы шайлоо тилкеси Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугунда жайгашкан. Бул шайлоо тилкесине жалпы 737 адам катталган, азыркы таптагы көрсөткүчтөргө ылайык 150дөн ашуун адам добуш берди.
Екатеринбург шаарында билим алган Калыйнур Калмырза уулу шайлоого студенттер активдүү катышып жаткандыгын билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду:
"Биз таң эрте шайлоо тилкеси ачылары менен келип, биринчилерден болуп добуш бердик. Кыргыз өлкөсүнүн өкүлчүлүгү атайын студенттер үчүн транспорт камдап, бул жакта билим алып жатаканада жашаган бардык студенттерге шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берди".
Мындан сырткары ал эч кандай мыйзам бузууларды байкабагандыгын, аларга эч кандай кысым болбогондугун кошумчалады.