Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоо боюнча республикалык башкы штаб саат 11:00гө карата абал тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев учурда өлкөдө техникалык жабдыктарда маселе жаралбай турганын айтты.
“Өлкө боюнча 5560 жабдык иштеп жатат. Иштебей калган жабдыктар жок. Эртең менен электр энергиясына байланыштуу бир аз маселе болду. Биз аны жолго койдук. Эгер жабдыктар иштебей калса, биз жарым саатта алмаштыра алабыз. Техникалык жабдыктарга маселе жаралышы мүмкүн эмес. Анткени запаста ар бир участокто бар. Маселе жаралбашы үчүн БШК менен биргеликте 700 техникалык адис даярдалган. Алар идентификациядан өткөрүүдө көмөктөшүүдө”, - деди Догоев.