Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өтүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, бүгүнкү шайлоо жаңы технологияны колдонуп өткөрүлүп жаткан 8-шайлоо.
"2015-жылы өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо шайлоочулардын саны 2 миллион 761 миң 297ни түзгөн. Бул көрсөткүч 2016-жылы өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 2 миллион 851 миң 952 шайлоочуга өскөн. Быйылкы президенттик шайлоодо болсо 3 миллион 25 миң 770 шайлоочу катталган.
Бул көрсөткүчтөр өлкө үчүн 6 миллионунчу жараныбыз жарык дүйнөгө келгендей эле маанилүү нерсе. Мунун артында өлкөдө жарандардын саны өсүп жатат деген түшүнүк бар", - деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.
Маалыматта белгилүү болгондой, 3 миллионунчу шайлоочу болуп Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургуну Орозгүл Курамова катталган. Мамкаттоонун Баткендеги өкүлү жана райондук администрациянын өкүлдөрү бул дал келүүнү белгилеп, 3 миллионунчу шайлоочуга эстелик үчүн сувенир тапшырышты.