Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо тилкелери бир катар чет мамлекеттерде да ачыла турганын Тышкы иштер министрлиги билдирген эле.
"Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "Орусиянын Санкт-Петербург шаарында добуш берүүгө эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Шайлоого катыша албай жатабыз", - деп кабарлады.
Бул боюнча ТИМдин басма сөз кызматы: "Орусия боюнча 6 жерге шайлоо тилкесин ачканбыз. Мыйзам боюнча биометрикалык маалымат тапшырып, консулдукка келип каттоого тургандар гана шайлоого катыша алат. Мигранттарды 6 ай бою каттоодон өткөрдүк. Бардык жерге барып каттаганга аракет кылдык. Жарандарыбыз өздөрү да аракет кылуусу керек эле", - деп билдиришти.