Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз жеринде президенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө аймагында шайлоо тилкелери эртең мененки саат 8ден тартып иштей баштады.
Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында да шайлоо тилкелери ачылган. Азыркы тапта добуш берүү үчүн студенттердин кезекке турганын көрүүгө болот. Окуу жайлардын имараты коопсуздук кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынып жатат.
Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы КУУда жайгашкан №1060-шайлоо тилкесинин төрагасы Болотбек Байысов шайлоочулардын активдүүлүгүн белгилеп: "Биздеги кошумча шайлоо тилкесине 3376 жаран форма 2 толтуруп катталган. Учурда алардын 1230у шайлап кетти. Азырынча көйгөй чыга элек. Шаар боюнча эң көп шайлоочулар бизге келүүдө", - деди.
Кыргыз улуттук университетинин 1-курсунун студенти Айдай Жумакенова: "Мен биринчи жолу добуш бердим. Тейлеген адамдардын мамилеси орой экен. Билбегендерге сылык үйрөтпөй жатышат. Форма 2 толтургам. Калган жагы жакшы эле экен", - деп добуш бергенден кийин оюн айтты.