"ЭЛДИК КАБАРга" жооп. Ош мэриясы: " Мэриянын алдындагы кичи автобустар эл ташуу үчүн токтоп турган жок"

"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман: "Ош шаардык мэриясынын алдында кичи автобустар тизилип турат, шайлоо күнү алар эмнеге пайдаланылат?" деп билдирген эле.

Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланышуу кызматынын башчысы Талант Канатбек уулу төмөнкүлөрдү билдирди.

"Ош шаарында 13 аймактык кеңеш бар. Ар бир аймактык кеңеште IT кызматкерлери иштеп жатышат. Жабдуулар бузулуп калган маалда барыш үчүн 13 кичи автобус алып келинген. Мэриянын имаратынын алды ыңгайлуу болгону үчүн ушул жерге токтоп турушат. Кичи автобустар эл ташуу үчүн алып келинди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ичи бош турганын көрүүгө болот", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek83
2017-10-15 13:30:19
Калп айтпа!
+3
meerim01
2017-10-15 13:32:28
Корунуп еле туратко.ХХХХ
+3
miss2014
2017-10-15 13:38:10
Кечке маал башталат адам ташымай.
+4
butun.kg
2017-10-15 13:48:38
Жалганчы накталай. Кудайдан корк. Кор болосун.
+5
Tuke8686
2017-10-15 13:53:42
Кудайды карап туруп алдайт э тооба
+3
nurbekasr
2017-10-15 14:06:19
Жалганды айтып жаныңарды жебесеңер,эмне шайлоо аппарат бузулса 13 жерде бирдей бузулмак беле.Эл ташый турганыңар билинип турат.Түштөн кийин ишти баштайсыңар белгилүү эле бул жагы.
+1
shankol88
2017-10-15 14:34:30
Ушинтип алдап арам жегенче ачкадан өлбөйсүңбү,эптеп алдамай да...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан