Саат 13:00гө карата өлкө боюнча 23,75 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.
Анын айтымында, саат 13:00гө карата Бишкек шаарында 26,92 пайыз шайлоочу добуш берген. "Ош шаары 31,43 пайыз, Ош облусу 21,46 пайыз, Жалал-Абад облусу 21,23 пайыз, Ысык-Көл облусу 24,77 пайыз Нарын облусу 26,53 пайыз, Талас облусу 28,89 пайыз, Чүй облусу 22,02 пайыз, Баткен облусу 23,66 пайыз шайлоочу добуш беришти. Ал эми чет өлкөдөгү жарандардын 3,81 пайызы добуш беришти", - дейт.