Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб саат 14:00гө карата өлкөдөгү абал, шайлоонун жүрүшү туурасында маалымат берди. Анда штаб башчысы, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бул ирет шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышып жатканын билдирди.
“Республика боюнча шайлоо штаттык режимде өтүп жатат. Бүгүн саат 13:00гө карата шайлоочулардын 23,75 пайызы добуш берди. Шайлоочулар аябай активдүү түрдө добуш берүүгө катышууда. 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу ушул сааттарга карата көрсөткүчтөр жакшы. Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылат. Мен жарандардан суранат элем, келип өзүңүздөрдүн добушуңуздарды бериңиздер”, - деди Абдыгулов.