Бүгүн, 15-октябрда шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев шайлоодогу техникалык жабдыктар боюнча маалымат берди.
“Техникалык жактан кемчиликтер 10 мүнөттө жоюлууда. Техникалык мүчүлүштүк Өзгөндө катталды. Азыр адистер иштеп жатат. БШКнын добуш берүү жабдыктарында мүчүлүштүктөр болуп, электрондук урна стационардык урнага алмаштырылган учурлар бар. Шайлоо үзгүлтүккө учураган учурлар боло элек”, - деди Догоев.
Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бүгүнкү күндө добуш сатып алуу фактысы каттала элек экенин айтты. "Ыкчам топтор бардык аймактарда иш алып барууда. Саат 13:00гө карата коомдук саясий абал туруктуу. Майда мыйзам бузуулар катталып жатат”, - деди ИИМдин өкүлү.