Ош ОИИБи: "Кара-Кулжа районунда шайлоо бюллетенин эшикке алып чыгып кеткен аялдан түшүнүк кат алынып, коё берилген"

Кара-Кулжа районунда кечээ, 15-октябрда шайлоо бюллетенин эшикке алып чыгып, бырыштырып салган аялдан түшүнүк кат алынып, коё берилгенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Шайлоо бюллетенин сыртка алып чыгып кеткен аялдан жана окуяга күбө болгондордон түшүнүк кат алынып, үйүнө коё берилген. Ал кандай жоопкерчиликке тартыла тургандыгы Шайлоо кодексиндеги мыйзамдардын талабына ылайык болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы №5009-шайлоо тилкесинде А.С. аттуу жергиликтүү тургун бюллетенин сыртка алып чыгып жараксыз абалга келтиргенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген. Анын сүйлөгөнү жазылган видеодо ал талапкер Өмүрбек Бабановго добушун берсе, шайлоо тилкесиндегилер Сооронбай Жээнбековго тапшыруусун талап кылгандыктан бул кадамга барганын түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Uzakova.Z.A
2017-10-16 11:05:39
Уяты жоктор
+7
sumaika
2017-10-16 11:06:52
Шайлоонун шайтан оюндары
+7
jemile
2017-10-16 11:17:12
КТРден эмнеге көрсөтпөйт? Бурмалабагыла ОшОИИБи
+7
MAKALAK
2017-10-16 11:18:02
ХХХХ созун ондоду бул аял.Атамбаевден 6жылдык отстоюу
уланат 6жыл Россияда журом эми
+8
eliza89
2017-10-16 12:04:14
Эмнеге элди келесоо ойлойт булар?Эмне болуп созу бурмалангандыгын кордук го
+3
nurdaana
2017-10-16 12:30:37
20 пайыз форма 2 сокенерге бийликти алып берди. 34 % ушунуку болчу.
+3
Shokoladka94
2017-10-16 15:24:15
Уялып койбойт булар. Кудай карап турат акыры
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан