Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №1020-шайлоо тилкесине катталган шайлоочулардын 40 пайыздан ашууну добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда шайлоо тилкесинин төрайымы Айнура Токтогазиева билдирди.
"Шайлоо негизинен тынч өтүп жатат. Мыйзам бузуу катталган жок. Коомдук тартип сакталып, техникалар бузулбай эле иштеп жатат. Конуш тургундары кечки саат 20:00гө чейин толугу менен добуш берип кетет деген ойдобуз", - деди Токтогазиева.
Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкесинде 2212 шайлоочу бар. Анын ичинен саат 16:00гө карата 937си добуш берген.
Шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жаткан талапкерлердин өкүлдөрү да мыйзам бузуулар катталбаганын белгилешти.