Шайлоо өткөн мектептерде биринчи күнү окуу болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
"Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин буйругуна ылайык шайлоо өткөн мектептерде окуучулардын саламаттыгы үчүн санитардык иштер жүрүш керек. Өлкө аймагында жалпы 2 миңден ашык мектеп болсо, алардын ичинен 1441 мектепте шайлоо тилкелери иштеп жатат. Дүйшөмбү күнү шайлоо өткөн мектептерде окуу болбойт. Ал эми калган мектептер мурдагыдай эле тартипте иштейт", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Бүгүн, 15-октябрда президенттикке талапкерлерди шайлоо күнү өтүп жатат.