Президенттик шайлоодо саат 17:00гө карата шайлоочулардын 40,12 пайызы добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Бишкек, Ош шаарларында, облустарда жана чет өлкөдө шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөнкүдөй болууда.
Бишкек шаарында 45,5 пайыз,
Ош шаарында 52,8 пайыз,
Талас облусу 45,75 пайыз,
Нарын облусунда 41,95 пайыз,
Ысык-Көл облусунда 40,59 пайыз,
Ош облусунда 38,94 пайыз,
Чүй облусу 37,4 пайыз,
Баткен облусу 37,33 пайыз,
Жалал-Абад облусунда 36,47 пайыз,
Чет өлкөдө 18,27 пайыз.
Айта кетсек, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы саат 20:00дө айтылат.