СУПЕРСТАН: "Алгачкы жолугушуудагы болгон кызыктуу окуялар"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алгачкы жолугушуудагы болгон окуялар" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Интернеттен бир бала менен таанышып, номеримди сурады, бердим. Телефондон сүйлөшүп жүрүп бир күнү жолуктук. Мурун сүрөттөрүн көргөндө жакшынакай, кара тору бала эле. Жанымда сапсары, көзү көк бала турат, көрсө Photoshop экен. Качканга шаштым, ал болсо ар нерсени айтып башты оорутат. Эптеп бир шылтоо таап кетип калдым. Ошол бойдон чалса да албай койдум. Ушул окуядан кийин интернеттеги балдарга ишенбей калгам".

"Мен да эң биринчи жолукканда телефон эми чыккан маалы эле. 7-класста таанышып ойноп жүрүп, анан 8-класста жигит жолукканы кетти. Сүрөтүн дос кызына айттырып жатып 10 күн күтүп көргөн элем. Акыры 25-майда жолуктук, алар эки класс чогулуп чыккан экен. Ошондо 30 чакты кыз менен тең жолуккам, баарын телефондон тааныйт элем. Анан жетелешип жүрөм өзүмчө, кыздар алдымдан чыгып калса бир уялам. Ошентип жүрүп балмуздак жейсиңби десем да жок дейт. Бир нерсе ичесиңби десем жок дейт. Анын уялганын мен кайдан билиптирмин, сууну өзүм алып ичип жүрөм же сөз тапсамчы. Телефондо "быдылдап" барып көп кызды көрүп "шок" болуп "дудук" болуп сүйлөй албай калгам. Жаш экенмин, эстесем азыр уялам, ал да эстеп калса керек".

"Кичинебизден бирге чоңойгон өзүбүздүн эле кошуна "бүгүн иштен эртерээк келдим, тамактанып келбейлиби" деп чалып калды. Мурун бирге ойноп чоңойсок да официалдуу түрдө биринчи жолугушуу болчу. Кыскасы кичине шаар айланымыш болдук. Чай ичели, кайда барсак деп калды. "Фаст-фудга" эле баралы десем, "ал эмне?" дейт. Бир чети таң калсам, бир чети сынап жатат деген ой келди. Айткан жерге жеткенде "бул жерден көп өтчүмүн, бирок эмне экенине кызыкбаптырмын, дайым эле адамдар кезекте тура берет го" деген. Андан чыккандан кийин гүл берди. Ошол гүлү баарын жууп кетти. Ошентип кошунам менен алгачкы жолугушуубуз болгон".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан