Добуш берүү үчүн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө АКШнын Вашингтон шаарында шайлоо тилкелери ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, добуш берүү 16-октябрь күнү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 06:00дө жабылат.
Учурда Вашингтон шаарында эртең мененки саат 09:07ни көрсөтүүдө.