Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат. Ош облусундагы Он-Адыр кичи районундагы №5321-шайлоо тилкесинде электрондук урна иштебей калганы маалымдалган. Ош облусундагы системдик администратор Өмүрбек Төрөкулов жабдуулар бузулуп калган фактыны ырастады. Ал электрондук урна бузулгандан кийин оңдолгонун, азыркы тапта иштеп жатканын белгиледи. "Жалпысынан жабдууларда бир аз мүчүлүштүктөр болуп жатты. Баары өз убагында оңдолуп жатат", - деди ал.